1. Океандын бир кыйла тарабы кургактык менен курчалган чоң бөлүгү. Кара деңиз. Жер ортолук деңизи. 2. Абдан зор көл, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги. Каспий деңизи. Цимлянск деңизи. 3. өт. Мол, өтө көп, кең-кесири. Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»).
ДЕҢИЗ БУЛУҢДАРЫ – 1958-жылкы аймактык деңиздер жана анын айланасындагы жерлер жөнүндөгү Конвенциянын 7-ст., ошондой эле БУУнун 1982-жылкы Деңиз укугу боюнча Конвенциясынын 10-ст. жоболоруна ылайык (кургакка өзүнчө туюк суу топтолгондой Деңгээлде кирип турган) аянттарынын диаметри түз сызык катары кызмат кылган жарым айлананын аянтынан аз эмес, жээкке терең кирген булуңдар. Бул жобо тарыхый булуңдарга таралбайт.
beach биич;
coast коуст;
seaside ‘сиисайд
ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛЫГЫ – жекеменчик соода кемелерин, өчөшкөн жактардын кемелерин же согушуп жаткан өлкөнүн жүктөрүн ташуу менен шугулданган бейтарап өлкөлөрдүн кемелерин куралдуу күч менен (өз өкмөтүнүн улуксаты боюнча) тартып алуу. Ага 1856-жылкы деңиз согушу жөнүндө Париж декларация-сы менен тыюу салынган; кеңири мааниде – деңиз каракчылыгы.
ДЕҢИЗ УЛАГАСЫ – 1982-жылы Деңиз укугу боюнча БУУ конвенциясы тарабынан киргизилип, өз суу аймагы (аймактык деңизде) менен кысыктары аркылуу чет өлкө кемелери менен аскердик кемелердин сүзүп өтүүсү жана анын үстүнөн учуп өтүүсү үчүн жээкке чукул жайгашкан мамлекеттердин укугун билдире турган юридикалык категория.